Бүгүн, 2026-жылдын 17-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев аба ырайынын кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу энергетикалык обьектилердин ишин текшерүүгө алды.
Анда министр “КУЭТ” ААКнын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасынын электр энергиясын сатуу кызматын текшерип барып, Бишкек электр тармактар ишканасынын кызматкерлери менен жолугуп, учурда калыкты тейлөө иштери менен жеринде таанышты.
Министр Т.Ибраев энергетиктерге учурдагы аба ырайы төмөндөп турган маалында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууну жана күчөтүлгөн штаттык режимде иш алып барууну тапшырды.
Мындан тышкары, министр тийиштүү жетекчилерге ыкчам бригадаларды штаттан тышкаркы кырдаалдарда авариялык оңдоо жабдуулар менен камсыздоону, атайын техникалар менен бригадалык автоунааларды даярдап, күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну, калкты тейлөө иштерин жакшыртуу тапшырмасын койду.