ИИМ: Таксиге лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылды
Новость

Ички иштер министрлиги такси кызматын лицензиялоо боюнча белгиленген мөөнөттү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, жеңил автоунаалар менен жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн лицензиялоо 2025-жылдын 12-сентябрынан тарта башталган. Кийин министрлер кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы токтому менен лицензия алуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-февралына чейин жылдырылган болчу.

Учурда өлкөнүн бардык аймактарында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүмдөрүндө лицензия берүү иши күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө карата 8 миңге жакын жаран жана 300дөн ашуун юридикалык жак тиешелүү лицензия алышкан.

Жарандардан түшкөн кайрылууларды эске алуу менен, Ички иштер министрлиги такси кызматын лицензиялоо мөөнөтүн 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартуу тууралуу чечим кабыл алды.

Азыркы учурда таксиге лицензия берүү республика боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.