Ош: "Жекелик" каналынын жээги көрктөндүрүлөт
Новость

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кезектеги рейдде Масалиев көчөсүндөгү "Жекелик" каналынын эки жээгин көрктөндүрүп, гүл бакча куруу боюнча долбоор иштеп чыгуу боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ошондой эле, мэр каналдын үстүнө жана корук аймагына мыйзамсыз курулган коммерциялык багыттагы объекттерди алып салууга, аймакты шаардык архитектуралык жана экологиялык талаптарга ылайык иретке келтирүүнү тапшырды.