6-22-февраль күндөрү Италиянын Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарларында өтө турган XXV Кышкы Олимпиада оюндарына катышуучу Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын спортсмендери үчүн даярдалган спорттук жана параддык экипировкасы менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тааныштырды.
Экипировкалар эл аралык стандарттарга жана Кышкы Олимпиада оюндарындагы талаптарга ылайык иштелип чыгып, спортсмендердин мелдеш маалындагы ыңгайлуулугун, коопсуздугун жана жогорку спорттук жыйынтыктарды көрсөтүүсүн камсыздоого багытталган.
Ак түстөгү экипировка - параддык, ал эми кочкул көк түстөгү форма машыгууга арналган. Параддык форма улуттук баш кийим - ак калпак менен толукталат.
Спорттук жана параддык экипировка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиадалык комитетинин макулдашуусунун негизинде, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен даярдалды.
Белгилей кетсек, кыргыз спортсмендери Тимур Шакиров жана Артур Сапарбеков Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргошот.