Кышкы Олимпиададагы эл эсинде калган 11 өзгөчө спорттук кийим
Новость

2026-жылдын 6-февралында баштала турган Милан – Кортина Кышкы Олимпиада оюндарында спорттук мелдештер менен катар өзгөчө мода образдары да көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурат. Бул жолу дагы сахнага британдык Spice Girls тобун эске салган образдар чыгары күтүлүүдө. Алар Улуу Британиянын атынан катышкан көркөм муз тебүүчүлөр Лайла Фир жана Льюис Гибсон тарабынан көрсөтүлмөкчү.

Olympics.com сайты жылдар аралыгындагы эң таасирдүү спорттук образдарды тизмектеди. Алардын арасында тонгалык спортчунун салттуу юбкасы, Норвегиянын керлинг командасынын ачык түстөгү шымдары жана Жапониянын айымдар командасынын алтын түстөгү костюмдары көпчүлүктүн эсинде калган.

11 өзгөчө спорттук кийимдерге саресеп:

Панда форма кийген кытайлык Эйлин Гу 

2022-жылы Бээжин Олимпиадасында эки алтын медаль уткан лыжачы Эйлин Гу панданын кулагы түшүрүлгөн, жүндөн токулган калпак менен көпчүлүктүн эсинде калган. Бул образды кийинчерээк анын чоң энеси да кийип чыккан. 

Снимок_2026_02_04_11_51_42_827.png 215.9 KB
Ачык түстөр жана креатив: Норвегия керлингчилеринин өзгөчө стили

Кышкы Олимпиада оюндарынын алгачкы күндөрүндө керлинг мелдешин көргөн күйөрмандар Норвегиянын эркектер командасынын өзгөчө кийимдерин дайыма чыдамсыздык менен күтүшөт. 2010-жылы Ванкуверде өткөн Олимпиададан бери норвегиялык керлингчилер ачык түстөгү, көзгө дароо уруна турган образдары менен айырмаланып келет.

Команданын формаларында түркүн түстүү айланма оймо-чиймелер, кызыл, ак жана көк түстөгү чарчы фигуралар колдонулган. Айрым костюмдар нидерландиялык сүрөтчү Пит Мондриандын чыгармаларынан шыктануу менен жасалганы айтылат. Мындан тышкары, Валентин күнүнө арналган жүрөкчө түшүрүлгөн кызыл жана кызгылт түстөгү атайын формалар да күйөрмандардын эсинде калган.

Снимок_2026_02_04_11_53_36_159.png 406.76 KB
Дүйнөнү таң калтырган юбкачан спортчу

2018-жылы Пхёнчханда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында тонгалык спортчу, лыжа марафончусу Пита Тауфатофуа өзгөчө образы менен дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган. Ал мелдешке өз өлкөсүнүн салттуу юбкасын кийип чыккан.

Vogue Italia журналынын редакциялык контент боюнча жетекчиси Франческа Рагацци бул образды Кышкы Олимпиада тарыхындагы эң таасирдүү мода учурларынын бири катары баалаган. Анын айтымында, Питанын улуттук юбка менен чыгышы — өз өлкөсүнө болгон чыныгы сыймыктын белгиси болгон.

Ошондой эле Рагацци спортчунун −20 градус суукта көйнөксүз, денесине кокос майын сүртүп чыкканын белгилеген.

Снимок_2026_02_04_13_51_13_311.png 293.34 KB
Арстан менен коён: Олимпиадада баарын таң калтырган шлем

2018-жылы Пхёнчханда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Гананын өкүлү, скелетончу Акваси Фримпонг өзгөчө шлеми менен айырмаланган. Скелетон спортунда шлемдин дизайны спортчунун мүнөзүн жана тарыхын ачып бере алаары белгиленет.

Фримпонг мелдешке айбаттуу арстандын башы жана анын оозунан качып бара жаткан коёндун сүрөтү түшүрүлгөн шлем менен чыккан. Бул образ анын спортчу катары басып өткөн жолун, көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, Гананын Кышкы Олимпиада оюндарындагы алгачкы скелетон өкүлү болгонун символдогон.

Снимок_2026_02_04_13_57_44_92.png 224.29 KB
11 жаштагы кызды кино жылдызына айланткан Олимпиада

1924-жылы Франциянын Шамони шаарында өткөн биринчи Кышкы Олимпиада оюндарында Норвегиянын өкүлү, 11 жаштагы көркөм муз тебүүчү Соня Хени өзгөчө кийими менен эстеликке айланган.

Кол кап, баш кийим жана чапан сымал костюм спортчу үчүн анчейин ыңгайлуу болбосо да, муз аянтчасында аны жылуу кармаган. Ал Олимпиадада сегизинчи орунду ээлеген. Бирок кийинки үч Кышкы Олимпиада оюндарында алтын медаль утуп, кийинчерээк кино жылдызына айланган.

Снимок_2026_02_04_14_18_36_474.png 178.2 KB
Муз үстүндө ретро стиль: Канадалыктардын жаркын образы 

2022-жылы Бээжинде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Канаданын өкүлдөрү Пол Пуарье жана Пайпер Гиллс өзгөчө сахналык образдары менен айырмаланышкан. Алар легендарлуу ырчы Элтон Жондун 1980-жылдардагы жаркын стилин чагылдырган номер менен чыгышкан.

Спортчулар жылтырак пайеткалар менен кооздолгон кызгылт-сары түстөгү формалар менен музга чыгып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн дароо бурган.

Снимок_2026_02_04_14_23_36_905.png 253.63 KB
Алтын форма, тарыхта калган көз ирмем 

2010-жылы Ванкуверде өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Жапониянын айымдар командасы өзгөчө образы менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдурган. Командалык кууп жарышта катышкан Ходзуми Масако, Кодаира Нао жана Табата Маки ийгиликти символдогон алтын түстөгү мелдеш костюмдарын кийип чыгышкан. 

Алар күмүш медаль утушкан. Ошого карабастан, алардын образы Кышкы Олимпиада тарыхындагы эсте калган учурлардын бири болуп калды.

Снимок_2026_02_04_14_25_53_775.png 251.5 KB
Олимпиаданын легендасына айланган форма, эсте калган жеңиш

2018-жылы Пхёнчханда өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Чехиянын өкүлү, тоо лыжачы Эстер Ледецка күтүүсүз жеңиши менен дүйнө спортун таң калтырган. Анын мелдеш костюму да Олимпиада тарыхындагы өзгөчө образдардын бирине айланган.

Эстердин тоо лыжасы боюнча жарыш костюмун анын бир тууганы атайын Пхёнчхан Олимпиадасы үчүн иштеп чыккан. Ал кезде бул костюм Олимпиаданын легендасына айланарын эч ким күткөн эмес. Ледецка сноуборддон алтын медаль утуп гана тим болбостон, күтүүсүздөн тоо лыжасы боюнча да чемпион болгон.

Снимок_2026_02_04_14_26_06_589.png 215.44 KB
Көпчүлүктүн көңүлүн бурган көркөм муз тебүүчүлөрдүн образы

1984-жылы Сараеводо өткөн Кышкы Олимпиада оюндарында Улуу Британиянын көркөм муз тебүүчүлөрү Джейн Торвилл жана Кристофер Дин унутулгус образы менен дүйнө спортунун тарыхына кирген.

Алар муз бийин жеңил толкун сымал, кочкул күлгүн түстөгү костюмдар менен аткарышкан. Бул образ музыкалык чыгарманынын сырдуу жана ритмдүү мүнөзүнө толук шайкеш келген. Торвилл менен Диндин кемчиликсиз аткаруусу калыстар тарабынан жогору бааланып, алар көркөм таасир үчүн максималдуу упай алып, Олимпиаданын алтын медалын жеңип алышкан.

Снимок_2026_02_04_14_31_18_585.png 163.33 KB
Ак ою-чиймелер менен кооздолгон кара түстөгү стил

Алтынчы жана акыркы Кышкы Олимпиадасында Хубертус фон Хохенлох Мексиканын маданиятын чагылдыруу үчүн жарышта мариячи стилиндеги костюм кийген. Кара түстөгү костюм ак ою-чиймелер менен кооздолгон.

Лыжачы NPR басылмасына берген маегинде:
"Бул чоң сахна жана сахнада өзгөчө көрүнүш керек. Мен жөн эле футболка менен джинс кийип чыгышым да мүмкүн эле", — деп билдирген.

Снимок_2026_02_04_14_31_25_119.png 174.72 KB
Жинсы жана чакмак көйнөк: Олимпиаданын модалык көрүнүшү 

Ванкувер – 2010 Олимпиадасында сноубордчу Шон Уайт жинсы жана чакмак көйнөктөн турган униформа менен чыгып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. 

Vogue Italia журналынын редактору Франческа Рагацци бул образга мындай баа берген: "Бул кийимди лыжа жолунда да, көчөдө да көрүүгө болот. Мындай стиль дүйнөлүк көчө модасына чоң таасир тийгизди".

Снимок_2026_02_04_14_51_38_884.png 212.88 KB