Камчыбек Ташиев айыл молдосуна үй куруп берди
Новость

Камчыбек Ташиев Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Турдубай Кожоевге үй куруп берип, ачкычын тапшырды.

Маалым болгондой, Турдубай Кожоев 17 жылдан бери айылда молдолук кызматты аркалап, элдин диний сабаттулугун артырып келет. Ал өзүнүн жеке жер тилкесине турак жай курууну баштаган, бирок каражаттын жетишсиздигинен курулуш бүткөрүлбөй калган.