108 жеңиш жана рекорд: Дүйнөлүк спорт жылдыздары Италияны багындырабы?
Новость

Милан – Кортина 2026 Кышкы Олимпиадасына көңүл бурулуучу топ жылдыздар белгилүү болду. Атап айтканда, америкалык лыжачы Микаэла Шиффрин, канадалык хоккейчи Коннор МакДэвид жана нидерланддык коньки тебүүчү Ютта Лердам өз өнөрүн Италияда өтө турган Олимпиада оюндарында көрсөтүүгө даярданууда. Olympics.com сайты топ үч спортчунун ийгиликтери менен бөлүштү.

Эң көп жеңишке жеткен Микаэла Шиффрин

Америкалык легенда Микаэла Шиффрин тоо лыжасы боюнча Дүйнө кубогунда эң көп жеңишке ээ спортчу болуп эсептелет. Анын эсебинде 108 жеңиш бар. Быйылкы сезондо слалом боюнча өткөн сегиз жарыштын жетөөсүндө ал биринчи орунга жеткен. 30 жаштагы Шиффрин 2014-жылы Сочиде слалом боюнча, 2018-жылы Пхёнчханда ири слалом боюнча алтын медаль уткан.

Снимок_2026_02_05_14_20_18_912.png 382.04 KB
Дүйнөнүн мыкты хоккейчиси Коннор МакДэвид

Дүйнөдөгү эң мыкты муз хоккей оюнчусу деп таанылган канадалык Коннор МакДэвид Милан – Кортина 2026 Кышкы Олимпиадасында өзүнүн Олимпиадалык дебютун жасоого даярданууда. 29 жаштагы МакДэвид “Эдмонтон Ойлерс” командасынын капитаны жана Канада эркектер командасынын курамында 2014-жылкы Сочиден бери биринчи алтын медаль утууга аракет кылат. Ал 2015-жылдагы Улуттук хоккей лигасы драфтында биринчи номер менен тандалып, үч жолу «Харт Трофи» сыйлыгынын ээси болгон. Ошондой эле Канада курама командасында дүйнө чемпиону болуп эсептелет.

Снимок_2026_02_05_14_23_51_377.png 341.45 KB
Миллиондогон фанаттары күткөн 7 жолку чемпион  

Инстаграмда беш миллион катталуучусу бар нидерланддык коньки тебүүчү Ютта Лердам да Италиядагы Олимпиадага катышуучу эң белгилүү спортчулардын бири. 27 жаштагы Лердам жети жолу дүйнө чемпиону болгон жана 2022-жылы Пекин Олимпиадасында 1000 метр аралыкта күмүш медаль уткан.

984af210-90cc-11ed-a3db-b306c11e5c14.jpg 91.56 KB