5-февралдан тарта УТРК Спорт телеканалы Кышкы Олимпиада оюндарын түз алып көрсөтөт.
Оюндун ачылыш аземи 6-февралдан 7-февралга караган түнү саат 1:00дө түз эфирде чагылдырылат.
Белгилей кетсек, кыргыз спортсмендери Тимур Шакиров жана Артур Сапарбеков Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы жана лыжа жарышы боюнча өлкө намысын коргошот.