Караколдон Олимпиадага чейин: Тимур Шакиров 6 жашынан бери спорт дүйнөсүндө
Новость

Тимур Шакиров 2006-жылдын 20-июнунда Каракол шаарында төрөлгөн. Ал №11 орто мектепте билим алган. Апасы — Шакирова Олеся Григорьевна, атасы — Шакиров Олег Петрович. 
Тимур учурда Бейшен Турусбеков атындагы Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын (КМДТСА) студенти.
Ал 6 жашынан бери спорт мектебинде машыгып келет. Анын алгачкы машыктыруучусу — Ирина Волкова болгон. Спортчу 2022-жылдан бери Игорь Борисовтун жетекчилиги алдында машыгып келет.
Тимур Шакиров 2024-жылы Кореяда өткөн өспүрүмдөр олимпиадасына жана өспүрүмдөр жана жаш жеткинчектер арасындагы Азия чемпионатына, 2023-2025-жылдары Дүйнө чемпионаттарына катышкан.
Ошондой эле, ал сентябрь айынан тартып Литва мамлекетинде, ноябрь айында Австрия жана Италия өлкөлөрүндө окуу-машыгуу жыйындарына катышып, бир катар расмий мелдештерде күч сынашкан.
Спортчу декабрь айында 6 квалификациялык мелдешке катышкан.

Кыргыз спортсмени Тимур Шакиров XXV Кышкы Олимпиада оюндарында тоо лыжасы боюнча мелдештерге катышып, өлкө намысын коргомокчу.