Келечектин үмүтү Артур Сапарбеков XXV Кышкы Олимпиада оюндарында
Новость

Артур Сапарбеков — Кыргызстанды лыжа жарыштары жана биатлон боюнча эл аралык мелдештерде татыктуу көрсөтүп келе жаткан келечектүү спортчу. Ал 19 жашта. Артур Сапарбеков Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында төрөлгөн.

Анын спорттогу жолу 2013-жылы башталган. 2022-жылы Артур биатлон боюнча IBU Кубогуна катышып, эл аралык аренага чыккан. Бул мелдеш Словениянын Поклюка шаарында өтүп, анын спорттук карьерасында маанилүү баскыч болгон.

Спортчу 2023-жылы Кыргызстандын намысын ири мелдештерде ийгиликтүү коргоп, Казакстандын Щучинск шаарында өткөн биатлон боюнча өспүрүмдөр арасындагы жана Словениянын Планица шаарында өткөн чоңдор арасындагы лыжа жарыштары боюнча дүйнө чемпионатына катышкан.

Ошондой эле, Артур Сапарбеков 2024-жылы Кореянын Канвондо шаарында өткөн Кышкы өспүрүмдөр Олимпиада оюндарына катышып, биатлон жана лыжа жарыштары боюнча күч сынашкан.

Ал эми 2025-жылдын февраль айынын башында Кытайдын Харбин шаарында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышса, ошол эле айдын аягында Норвегиянын Тронхейм шаарында өткөн лыжа жарыштары боюнча дүйнө чемпионатына катышып, кыргызстандык спортчулардын арасынан мыкты спортчу деп саналган.

Артур Сапарбеков XXV Кышкы Олимпиада оюндарында лыжа жарышы боюнча классикалык спринтке 10-февралда, ал эми эркин стилде өтүүчү жарышка 13-февралда чыгат.