Италияда Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышы башталды
Новость

Италияда 2026-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарынын салтанаттуу ачылышы башталды. Стадион толо көрүүчүлөрдүн алдында дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген спортчулар улуттук желектерин көтөрүп жүрүшкө чыгышты.

Көркөм программа Италиянын бай маданий мурасын, музыкалык жана бий өнөрүн заманбап технология менен айкалыштырып көрсөттү. Салтанаттын эң символикалуу учуру — Олимпиадалык оттун жандырылышы болду. Бул отту белгилүү италиялык спортчулар — легендарлуу тоо лыжачылары Алберто Томба жана Дебора Компаньони жандырышты. Тарыхта биринчи жолу от бир эле учурда эки шаарда жандырылды: Томба Миланда (Арка Мира аянтында), ал эми Компаньони — Кортина-д’Ампеццо шаарында (Дибона аянтында).

Бул менен 2026-жылкы Олимпиада оюндары расмий түрдө башталды. Дал ушул учурдан тартып спорттун бардык түрлөрү боюнча таймаштар Италиянын ар кайсы шаарларында старт алды.