Кышкы Олимп оюндарынын расмий ачылыш аземи кечээ, 6-февралда болуп өттү. Айрым спорт түрлөрү 4–5-февралда эле башталган. Оюндар 22-февралга чейин уланып, Италиянын Милан – Кортина шаарларында өткөрүлүүдө.
Жалпысынан оюндарга 90 өлкөдөн келген 2,9 миңдей спортчу катышат. Айрым мамлекеттер Кышкы Олимпиадага биринчи жолу келет. Алар — Бенин, Гвинея-Бисау жана Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ).
Бул өлкөлөрдө кар дээрлик жаабайт:
- Гвинея-Бисауда январдагы орточо температура — +24 °C;
- Бенинде күндүз +32 °C, кечинде +26 °C;
- БАЭде кар тоолордун эң бийик чокуларында гана кездешет, кыш айларында орточо температура +24 °C.
Ошондуктан бул өлкөлөрдүн катышуусу өзгөчө кызыгуу жаратты.