2026-жылкы Олимпиадада алгач ирет ски-альпинизм расмий программага кирген.
Бул спорт боюнча биринчи дүйнө чемпионаты 2002-жылы Францияда өткөн. Азыр мелдештер эки жылда бир өткөрүлөт, ал эми жыл сайын дүйнө кубогу уюштурулат. Эл аралык федерацияга 38 өлкө кирет.
Ски-альпинизмде төмөнкү мелдештер болот:
- Эркектер жана аялдар арасындагы спринт;
- Аралаш эстафета.
Ски-альпинизм кандай өтөт?
Спринт жарышы тоого чыгуу жана ылдый түшүүдөн турат.
Көтөрүлүү үч бөлүктөн турат:
- Лыжа менен чыгуу;
- Лыжаны рюкзакка байлап, жөө көтөрүлүү;
- Дагы бир жолу лыжа менен чыгуу.
Андан кийин камус алынат да, спортчу ылдый түшөт. Ар бир жарыш орточо 3,5 мүнөт созулат.
Аралаш эстафетада бир командада эркек жана аял спортчу болот. Алар эки жолу көтөрүлүп, эки жолу ылдый түшүшөт.