"Чакан ГЭС" ААК Ысык-Көл облусуна электромобиль кубаттоочу 10 станция орнотот. Бул тууралуу Энергертика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жер тилкелерин ижарага алуу боюнча зарыл болгон документтер даярдалууда. Керектүү иш-кагаздар даяр болгон соң курулуш-монтаждоо иштери башталат.
Аталган 10 заряддоо станция төмөнкү аймактарга орнотулат:
Балыкчы шаары — 2 жер тилкеси;
Бөкөнбаев айылы — 1 жер тилкеси;
Кызыл-Суу айылы — 1 жер тилкеси;
Каракол шаары — 2 жер тилкеси;
Түп айылы — 2 жер тилкеси;
Чолпон-Ата шаары — 2 жер тилкеси.
Белгилей кетсек, заряддоо станцияларды быйылкы жылы ишке берүү пландалууда.