Франциянын көркөм муз тебүүчүлөрү Лоранс Фурнье-Бодри жана Гийом Сизерон Италияда өтүп жаткан Кышкы Олимп оюндарында муз үстүндөгү бий боюнча алтын медаль утуп алышты.
Ритм-би жана эркин программа боюнча жыйынтык упайларынын суммасы менен алар 225,82 балл топтошту. Экинчи орунду АКШнын өкүлдөрү Мэдисон Чок жана Эван Бэйтс 224,39 балл менен ээлешти. Үчүнчү орун Канаданын спортчулары Пайпер Гиллес жана Поль Пуарьеге (217,74 балл) ыйгарылды.
Италиядагы Олимпиада оюндарында россиялык спортчулар муз үстүндөгү бий боюнча мелдештерге катышкан жок. Бирок жеке мелдештерге Аделия Петросян менен Пётр Гуменник катышууга катталган.
Жалпысынан Италиядагы Олимпиадага Россиядан 13 спортчу катышып, алар нейтралдуу макамда медаль үчүн ат салышууда.