КМШ өлкөлөрүнүн эң мыкты киночулары аныкталды
Новость

2026-жылдын 4–7-март күндөрү Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII Эл аралык «Үмүт» кинофоруму өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Форумдун алкагында 38 фильм көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кинодолбоорлордун питчинги уюштурулду.

Жабылуу аземинде эл аралык конкурстун «Эң мыкты фильм» сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын «Чайки над Голгофой» тасмасына, ал эми «Эң мыкты режиссёр» сыйлыгы азербайжандык Нурлан Хасанлинин «Ранние чувства» фильминe берилди.

Улуттук конкурста башкы сыйлык Толомуш Жаныбековдун «Балык» тасмасына ыйгарылып, «Эң мыкты режиссёр» наамын Данияр Абиров («Обончу») алды.

Кино долбоорлорду тааныштыруу иш-чарасында «Ты и Я» долбоору «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосуна ээ болуп, «Соучастник», «Ультразвук» жана «Жест» долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.