Нарындагы өзгөчө Нооруз
Новость

Бүгүн, 21-март Нооруз майрамы Нарын шаарында өзгөчө белгиленет. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров катышат. Салтанаттын расмий бөлүгүнө чакырылган меймандар борбордук аянтка келип жатышат.

Салтанатта өлкө башчы атайын техникаларды жана ата мекендик "Тулпар"  өндүрүшүнөн куралган жеңил унааларды тапшырат.

Майрам алкагында кол өнөрчүлөр, боз үйлөр, улуттук даамдар жана сүмөлөк сынактары бар. Ошондой эле улуттук спорттук оюндар ойнотулат.