Нооруз майрамынын урматына 100 метр чучук жана 5 тай казан беш бармак даярдалды. Бул тууралуу "Арыба кыргызымдын нарктуулугу" долбоорунун негиздөөчүсү Жылдыз Коконбай билдирди.
Анын айтымында, бул үчүн төрт жылкы союлган. Беш бармак үчүн 300 килограмм кесме жумшалса, анын 50 килограммы колго даярдалган.
Ал эм 100 метр чучукту даярдоого төрт жылкынын казысы жумшалды. Өзгөчөлүгү кабыргасы менен кошо жасалды. Чучук учадан кийинки эле сыйлуу тамак болуп эсептелет.

