Нооруз майрамы Талас облусунун Айтматов районунда жогорку салтанат менен өтүп жатат
Новость

Бүгүн, 21-март Таласта көктөм майрам бул жылы Айтматов районунун борбору Кызыл-Адыр айылында чоң салтанат менен белгиленип жатат. 

Нооруз майрамына облустун баардык райондорунан келген тургундар менен Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба, суу ресурстары кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрнист Акунбеков, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, райондук, облустук мекеме-уюм жетекчилери катышууда. 

Күн менен түн теңелип, жер бетинде кыймыл башталган бул майрамдын урматына  азык-түлүк жарманкеси, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү жана улуттук буюмдар, боз үйлөрдүн кароо сынагы, улуттук оюндар уюштурулган.

Облустук деңгээлдеги Нооруз майрамы алгач Капар Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театры тарабынан театралаштырылган оюн-зоок менен башталды. Улуттун улуулугун даңазалаган  каада-салтыбыз даңазаланып, жергиликтүү өнөрпоздордун концерттик программасы менен коштолду.

Нооруз майрамынын катышуучуларына жаркын маанай тартуулоо максатында Манас районунун таланттуу жигиттери менен Айтматов районунун өнөр сүйгөн кыздарынын ортосунда сармерден оюну өткөрүлүүдө.