Президент Салып Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” Жарлыгынын, ошондой эле 2021–2026-жылдары Кыргыз Республикасында “Кыргыз жараны” деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясынын негизинде, Чүй районундагы Бурана мунарасында 21-март Нооруз фестивалы уюштурулууда.
Фестивалдын алкагында ар түрдүү кароо-сынактар өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар ыйгарылат.
“Нооруз даамы – Сүмөлөк” кароо-сынагынын жобосу
1. Жалпы жобо 1.1. Сынак кыргыз элинин улуттук каада-салттарын жана маданий мурасын сактоо, жайылтуу максатында уюштурулат.
1.2. Сынак ачык форматта өткөрүлөт.
2. Сынактын максаты жана милдеттери
Максаты:
“Сүмөлөк” даамын өзгөчө даңазалоо;
Улуттук-этно дасторкон маданиятын жайылтуу;
Сүмөлөк бышыруу салтын сактоо жана өнүктүрүү;
Жаш муунга элдик каада-салттарды үйрөтүү.
Милдеттери:
Салттуу сүмөлөк бышыруу ыкмаларын көрсөтүү;
Коомчулуктун ынтымагын бекемдөө;
Катышуучулар арасында тажрыйба алмашууну камсыз кылуу;
Кыргыздын улуттук тамак-аш маданиятын жайылтуу.
3. Катышуучулар
Сынакка Чүй районунун айыл өкмөттөрү, мекеме-уюмдар, жеке жарандар жана бардык каалоочулар катыша алышат.
4. “Сүмөлөк” кароо-сынагы
Команда 8 адамдан түзүлөт (чоң ата, чоң апа, ата, апа, уул, келин, небере уул, небере кыз);
Катышуучулар улуттук кийимде болушу шарт;
Сүмөлөк бышырууга керектүү бардык шарттарды команда өзү камсыздайт;
“Бата” берүү өзүнчө бааланат;
Сынак 20-март саат 10:00дө башталып, 21-март саат 09:00дө жыйынтыкталат;
Даяр болгон сүмөлөк элге акысыз таратылат.
Сыйлыктар:
1-орун – 50 000 сом
2-орун – 30 000 сом
3-орун – 20 000 сом
Көңүл жубатаар – 1 000 сом
5. “Бата” кароо-сынагы
Сүмөлөк сынагынын алкагында өткөрүлөт;
Бата улуу, кадырлуу адамдар тарабынан берилет;
Поэтикалык, уйкаш формада айтылышы бааланат.
Сыйлыктар:
1-орун – 5 000 сом
2-орун – 3 000 сом
3-орун – 2 000 сом
Бата менен тилектин айырмасы:
Бата – улуу адам берет, салттуу формада, кол жайып айтылат, “Оомийин” менен аяктайт;
Тилек – каалаган адам айтат, эркин формада берилет.
6. Боз үй жана улуттук тамак-аш кароо-сынагы
Боз үй улуттук стилде жасалгаланат;
Улуттук тамак-аш түрлөрү көрсөтүлөт;
Тамактардын жасалышы түшүндүрүлөт;
“Бата” берүү өзүнчө бааланат.
Сыйлыктар:
1-орун – 30 000 сом
2-орун – 20 000 сом
3-орун – 10 000 сом
Көңүл жубатаар – 1 000 сом
7. Көркөм окуу кароо-сынагы
“Сүмөлөк” темасында кеминде 5 куплет чыгарма;
Окуу чеберчилиги жана сахналык келбет бааланат.
Сыйлыктар:
1-орун – 3 000 сом
2-орун – 2 000 сом
3-орун – 1 000 сом
8. Кол өнөрчүлөр кароо-сынагы
Каалоочулар катышат;
Ар бир иштин жасалышы түшүндүрүлүп, мастер-класс көрсөтүлөт.
Сыйлыктар:
1-орун – 8 000 сом
2-орун – 7 000 сом
3-орун – 5 000 сом
Көңүл жубатаар – 1 000 сом
9. “Туш кийиз” сынагы
(Сүмөлөк аянтчасында илинет)
Сыйлыктар:
1-орун – 3 000 сом
2-орун – 2 000 сом
3-орун – 1 000 сом
10. “Аркан тартыш”
(Айымдар жана эркектер командалары, 8 адамдан)
1-орун – 8 000 сом (эки команда)
2-орун – 6 000 сом (эки команда)
3-орун – 4 000 сом (эки команда)
11. “Кол күрөш”
(Жеке катышуучулар: эркектер, кыздар)
1-орун – 3 000 сом (эки жеңүүчү)
2-орун – 2 000 сом (эки жеңүүчү)
3-орун – 1 000 сом (эки жеңүүчү)
12. Жаштар командалык сынагы
(6 адам: 3 эркек, 3 айым, 18–35 жаш)
1-орун – 6 000 сом
2-орун – 4 000 сом
3-орун – 3 000 сом
