Өлкө аймагы боюнча 26 Ички иштер органдарынын аймактык милиция бөлүмчөлөрү ачылды.
Новость

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун катышуусу менен Нарын шаардык Ички иштер бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди. Жаңы имарат заманбап талаптарга ылайык салынып, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Төрт кабаттан турган имаратта кызматтык иш бөлмөлөр, жыйындар жана окуу залы, жарандарды кабыл алуу үчүн атайын бөлмөлөр жана кызматкерлердин иш алып баруусуна ыңгайлуу болгон бардык керектүү шарттар каралган. Имарат заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалып, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ишин натыйжалуу жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Жаңы имараттын ачылышы ички иштер органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтын сапатын жогорулатууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.

Иш-чарага ички иштер органдарынын жетекчилиги, ардагерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана кызматкерлер катышып, жаңы имараттын ачылышы менен куттукташты.

Белгилей кетсек, жаңы имараттын пайдаланууга берилиши кызматкерлердин иштөө шартын жакшыртып, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы иштерди дагы да жогорку деңгээлде жүргүзүүгө өбөлгө түзөт.