Нарын районундагы Кур-Сай чөлкөмүнө көчөт тигилди
Новость


Бүгүн, 30-апрелде Нарын районуна караштуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүнүн  Кур-Сай чөлкөмүндө  бир гектардан ашык жерге 1200 түп көчөт тигилди. 

Иш-чара "Жашыл мурас" компаниясынын алкагында 1-май - Эмгек жана тынчтык күнүнө карата уюштурулду. Ага дубан башчы Нурбек Сатаров баштаган  облустук, райондук жана шаардык ишканалардан жалпы 120 кызматкер катышып, 9 түрлүү жазы жана ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту.

Көчөт алууга Айлана чөйрөнү коргоо жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгынан 600 миң сом бөлүнгөн. Ал эми Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен "Zhong Ji Mining" биргелешкен Кыргыз-Кытай компаниясы  көчөт тигилген аймактын айланасын коруп беришкен.

Белгилей кетсек, быйыл Нарын облусу боюнча «Жашыл мурас» улуттук компаниясынын алкагында 90 миң көчөт 52 миң гектар жерге  отургузулат.