Бүгүн, 13-майыда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоорунун алкагында Ысык-Көл облусуна жумушчу сапары менен барды. Сапардын негизги максаты масштабдуу эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө инфраструктуралык жана маданий объектилердин даярдыгын текшерүү болду.
Инспекциянын алкагында Министрлер Кабинетинин башчысы Кырчын капчыгайына барып, этномаданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган аянтчалардын учурдагы абалы менен таанышты. Андан ары Адылбек Касымалиев этномаданиятты, ат спорту индустриясын жана асыл тукум жылкычылыкты өнүктүрүү борборун (ипподром) көрүп чыкты. Текшерүүнүн жүрүшүндө объектти модернизациялоо жана алдыдагы мелдештерге даярдоо маселелери талкууланды.
Ысык-Көл районунун Бает айылында өтө турган «UIM F1H2O дүйнө чемпионаты — Кыргызстан Гран-приси. Ысык-Көл – 2026» эл аралык спорттук иш-чарасына даярдыкка өзгөчө көңүл бурулду. Кабминдин башчысы эл аралык командаларды жана туристтерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон жээк аймагын жана инфраструктураны жайгаштыруу планы менен таанышты.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборуна барып, аймактагы маданий алмашуунун негизги борборлорунун бири катары, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун жана Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында расмий иш-чаралар өтө турган объект катары объектти сактоонун жана тийиштүү түрдө күтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын иш сапарынын жүрүшүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин муктаждыктары үчүн сатылып алынган жаңы атайын техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү көрсөтүлдү. Министр Нурдан Орунтаев техниканы бөлүштүрүү пландары жөнүндө баяндама жасады, ал облустун калктуу конуштарынын инфраструктурасын жакшыртууга жана көрктөндүрүүгө жумшалат.
Министрлер кабинетинин башчысы техникалык паркты жаңыртуу курулуш жана коммуналдык иштердин ыкчамдуулугуна жана сапатына түздөн-түз таасир этиши керектигин баса белгиледи.
Адылбек Касымалиевдин иш сапарына жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да катышты. Бул формат коомчулукка мамлекеттик көзөмөлдүн, объекттерди инспекциялоонун жана башкаруу чечимдерин кабыл алуунун жүрүшүн реалдуу убакытта көрүүгө мүмкүндүк берет.
Сапардын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы тиешелүү министрликтерге жана жергиликтүү бийлик органдарына эл аралык иш-чараларды уюштурууда графиктерди жана дүйнөлүк сапат стандарттарын так сактоону камсыз кылуу менен объекттерди даярдоо темпин тездетүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Белгилей кетсек, ыкчам көзөмөлдү камсыз кылуу жана бири-биринен алыс жайгашкан объекттерге толук эмес жумушчу күндүн ичинде баруу үчүн Адылбек Касымалиевдин Ысык-Көл облусу боюнча сапары тик учак менен ишке ашырылды. «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында Министрлер кабинетинин башчысын бүткүл маршрут боюнча ЖМК өкүлдөрү коштоп жүрдү.
Журналисттер объекттерди инспекциялоо процессин гана көрүп тим болбостон, жетекчинин мобилдик режимдеги ыкчам ишин көрүүгө, ошол жерлерде эле актуалдуу суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк алышты.














