Кечээ, 19-майдан баштап Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында көк бөрү боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандап алуу турнири өтүүдө. Турнирди УТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтүүдө.
Маалыматка ылайык, мелдешке Жогорку жана Биринчи лигада жалпы 11 команда катышууда.
Жогорку лигада жалпысынан 6 команда күч сынашат.
А тайпасы:
- Бийиктик
- Достук
- Ынтымак
В тайпасы:
- Сары-Өзөн
- Шахтер
- Намыс
Биринчи лигада 5 команда ат салышат.
А тайпасы:
- Жаңы-Муун
- Мурас
- Суусамыр
В тайпасы:
- Талас
- Бакайыр
Алгачкы оюндарын өткөрүп, Мурас, Достук, Сары-Өзөн командалары жеңиш менен алдыга карай сапар алышты.
Эскерте кетсек, мелдеш 19-майдан 23-майга чейин уланат. Турнирдин алкагында мыкты командалар аныкталып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган талапкерлер тандалат.