Кыргызгидромет: Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда
Новость

Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 8-июлунда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөрү күтүлүүдө.

Буга байланыштуу жарандарга жана эс алуучуларга сак болуу, сел жүрүү коркунучу бар аймактарда коопсуздук эрежелерин сактоо сунушталат.