Савай-Арык айылындагы жаңы бала бакча жакында пайдаланууга берилет
Новость

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат.

Долбоор Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылып, жалпы наркы 60 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган.

Учурда бала бакчага эмеректер орнотулуп, имараттын ичинде акыркы тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Жаңы бала бакча заманбап талаптарга ылайык курулуп, анда балдардын тарбияланып, билим алышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имаратта уктоочу бөлмөлөр, окуу жана оюн бөлмөлөрү, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана жана кабыл алуу бөлмөсү каралган. Имараттын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт.

Мындан тышкары, айланасы көрктөндүрүлүп, балдар ойноочу аянтча жана эс алуу үчүн отургучтар орнотулган.

Бала бакчаны жаңы окуу жылынын башталышына карата пайдаланууга берүү пландалууда.