МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоору аркылуу Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды
Новость

Бүгүн, 5-августта МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жапония Өкмөтүнүн JDS долбоорунун стипендиаттары, Жапонияга окууга жөнөп жаткан Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кабыл алды. 

Анда МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, мамлекет өз келечегин билимге, адамдык капиталга жана жоопкерчиликтүү башкарууга таянып кураарын айтып, бул багытта өнөктөш катары кызматташып келген Жапониянын Кыргызстандагы Элчилигине, Жапон эл аралык кызматташтык агенттигине (JICA) жана Жапон эл аралык кызматташтык борборуна (JICE) ыраазычылык билдирип, мындай туруктуу колдоонун жана кызматташуудан улам жаңы мүмкүнчүлүктөр ишке ашып, эки элдин ортосундагы мамиле дагы бекемделип жатканын билдирди. 

“Биз мамлекеттин келечегин билимдүү, кесипкөй жана жоопкерчиликтүү кадрлар аркылуу куруп жатабыз. Акыркы жылдары мамлекеттик башкарууну жаңылоо, санариптик технологияларды кеңири киргизүү, мамлекеттик кызматтын сапатын жогорулатуу жана кесипкөй кадрларды даярдоо өлкөбүздүн артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланды. Бүгүнкү JDS программасынын финалисттери – ушул мамлекеттик саясатты, өлкөбүздүн өнүгүү багыттарын жана келечегине болгон ишенимди ишке ашыра турган жаңы муундун өкүлдөрү болооруна ишенем. Жакында эле Кыргызстан менен Жапониянын ортосунда JDS программасын улантуу боюнча кезектеги маанилүү келишимге кол коюлуп, бул максатка 381 млн иен өлчөмүндө грант бөлүндү. Бул грант – мамлекеттик кызматкерлерибиздин билимине, келечектеги лидерлигине жана Кыргызстандын мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүшүнө салынган инвестиция. Мамлекет үчүн эң чоң сыймык – билим алган жаранынын кайра мекенине кайтып келип, өз элине кызмат кылышы”, - деди МинКаб Төрагасынын орун басары Улан Маматканов.

Белгилүү болгондой быйыл, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринен Жапонияга билим алууга 19 магистратурага, 1 докторантурага 20 стипендиант жөнөп жатат. Жалпысынан 2006-жылдан бери ишке ашырылып жаткан бул программа аркылуу, 300дөн ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер Жапонияда окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.