Кыргызстанда жер титирөө катталды: күчү 5,5 баллга жетти
Новость

Кыргызстанда бүгүн, 12-августта, жер титирөө катталды. Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүү саат 13:14тө болгон.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Ак-Чий айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кочкор айылынан 38 чакырым түштүк-батышта жана Бишкек шаарынан 120 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Ак-Чий, Чолпон, Эпкин, Туз, Комсомол жана Орток айылдарында жер титирөөнүн күчү болжол менен 5 баллга жеткен.

Ал эми Кочкор, Кызарт жана Жумгал аймактарында силкинүүнүн күчү 4 баллды түзсө, Бишкек, Токмок жана Балыкчы шаарларында 3 баллга жеткен.

Учурда жер титирөөдөн келтирилген зыян тууралуу маалыматтар такталууда.