Нарында быйыл 12 объекти колдонууга берилет
Новость

Нарын облусунда быйылкы жылдын соңуна чейин 12 социалдык объекти пайдаланууга берилет. Бул тууралуу облустук коллегияда Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Давид Курманов билдирди.

Анын маалыматына караганда, 31-августа алты мектеп, бир спорткомплекс, бир административдик имаратты ачуу пландалууда. Ал эми  жыл аягына чейин бир мектеп, бир спорткомплекс, бир административдик имарат жана бир саламаттыкты сактоо мекемесинин курулушу аяктап, колдонууга берилет. 

Нарын облусу боюнча жалпы 40 объектиде капиталдык курулуш жумуштары жүрүүдө. Бул үчүн  226 миллион  976 миң 800 сом бекитилип, алты ай ичинде жалпы наркы 262 миллион  587 миң 500 сомду түзген курулуш жумуштары аткарылган.