Кыргызстан электр унааларын бажы алымысыз алып кирүүгө кошумча 10 миң квота алды
Новость

Кыргыз Республикасы 2026-жылдын аягына чейин кошумча 10 миң электр унаасын бажы алымысыз алып кирүүгө мүмкүнчүлүк алды. Тиешелүү чечим Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Чечим 2026-жылдын 17-августунда күчүнө кирет.

Буга чейин Кыргызстан үчүн 2026-жылга 15 миң электр унаасын бажы алымысыз алып кирүүгө квота белгиленген. Кошумча квотаны эске алуу менен бажы алымысыз алып кирүүгө мүмкүн болгон электр унааларынын жалпы саны 25 миңди түзөт.

2026-жылдын 11-августуна карата убактылуу сактоо кампаларында 573 автоунаа турат.

Бул чечим Кыргыз Республикасы үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анткени экологиялык таза транспортту өнүктүрүү Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын артыкчылыктарына жана өлкөнүн жашыл экономикага өтүү багытына шайкеш келет.

Кошумча квота экологиялык таза транспортту пайдаланууну кеңейтүүгө жана өлкөнүн автопаркын жаңылоо үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.