Манас шаарында 500 орундуу жаңы мектеп курулууда
Новость

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу жүрүүдө. 

 Алардын бири - Р.Азимов атындагы 500 орундуу мектеп.

Мектеп мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, анын курулушу быйыл март айында башталган. Долбоорго ылайык, билим берүү мекемеси заманбап талаптарга жооп берген шарттар менен курулуп, окуучулардын сапаттуу билим алуусуна бардык мүмкүнчүлүктөр каралган.

Учурда мектептин курулуш иштеринин 60 пайызы аткарылды. Имараттын сыртын жылуулоо иштери башталып, чатырын жабууга даярдыктар көрүлүүдө. Мындан тышкары, имараттын ичинде жасалгалоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө объектте 100дөн ашык куруучу эмгектенүүдө.

Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылып жаткан иштердин сапаты үзгүлтүксүз текшерилүүдө.