Эр эңиш боюнча мелдеште кыргызстандык спортчу алтын медалды жеңди
Новость

Бүгүн, 5-сентябрда Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта курама команданын куржунуна алгачкы алтын медалды алып келген Бактыгул Райхан уулун теңиртоолуктар салтанаттуу тосуп алды. 

Иш-чарага Нарын облусунун башчысы Нурбек Сатаров баштаган шаардык, райондук бийлик өкүлдөрү, Нарын ОИИБинин өздүк курамы, Бактыгул Райхан уулунун айылдаштары жана машыктыруучусу катышты.

Салтанатта Нурбек Сатаров дүйнө эли көз салып турган  чоң мелдеште Кыргызстандын намысын коргоп келген балбанга ыраазычылыгын билдирип, башына ак калпак кийгизип, ак чепкен жаап   "Ормон хан" төш белгиси менен сыйлады. 

"Бактыгул Райхан уулунун ийгилиги Кыргызстандын анын ичинен Нарын элинин жеңиши. Мындай жеңишке тынымсыз эмгеги, машыгуусу, өжөрлүгү, мекенчилдиги жана өзүнө болгон ишеними түрткү болду. 

Сиздин ички иштер органдарында кызмат өтөп, ошол эле учурда спортту айкалыштырып,  жогорку деңгээлдеги мелдеште ийгилик жаратканыңыз  жаш кызматкерлерге жана спортчуларга чоң үлгү болуп берет. Алтын медалыңыз ар дайым жаңы жеңиштерге дем берип, Кыргызстандын байрагын далай эл аралык мелдештерде бийик көтөрүүгө себепкер болсун!",- деди Сатаров.

Ошондой эле иш-чарага катышкандар балбанды жеңиши менен куттуктап ден соолук жана  спортто дагы жетишкедиктерди тилек кылышты. 

Бактыгул Райхан уулу Нарын ОИИБинин тез чара көрүүчү отрядынын кызматкери. Ал буга чейин бир нече эл аралык мелдештерге катышып байгелүү орундарга ээ болгон. Ал эми Казакстанда өткөн V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча экинчи орунду багынткан.