Кыргызстан жана Казакстандын курамалары финалда беттешет.
6-сентябрда күйөрмандар үчүн улуттук спорттун башкы окуяларынын бири - көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештери орун алат. Анда Кыргызстан жана Казакстандын курама командалары күч сынашат.
Көк бөрү мелдешинин финалы саат 10:00дө башталат. Ал эми көкпардын финалдык беттеши саат 12:00дө болот.