Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Айылчиев Алмаз Асимович Кыргыз Республикасынын юстиция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Айылчиев Алмаз Асимовичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.