III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган ишмерлер
Новость

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Анда Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын күнүнө байланыштуу жарлык чыгарылганы тууралуу айтылат. 

III даражадагы "Манас" ордени менен "Группа Альянс" акционердик коомунун президенти Муса Бажаев сыйланды. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Футзал ассоциациясынын уюмдаштыруучусу, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Медетбек Букуев, Кардиохирургия жана трансплантология илимий- клиникалык борборунун директору, кардиохирург Сейтхан Джошибаев, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессорунун милдеттерин аткаруучу Тилектеш Ишемкулов, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагери, милициянын отставкадагы генерал-майору Кемелбек Киязов, С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун педиатрия кафедрасынын профессору Камчибек Узакбаев сыйланышты.