"ХХ Азия оюндарынын" алкагында кыргыз футболчулары япониялыктарга каршы беттеш өткөрүшөт. Оюнду УТРК СПОРТ каналы 20-сентябрда саат 16:30да түз эфирде көрсөтөт.
Кыргызстандын намысын коргоп жаткан команданын курамында төмөнкү футболчулар бар:
1. Курманбек Нурланбеков
2. Адилет Абдырайымов
3. Азирет Ысманалиев
4. Алтай Раимбеков
5. Адилет Долоткелдиев
6. Александр Мищенко
7. Мухтар Ишеналиев
8. Айтенир Балбаков
9. Рауф Асинов
10. Даниель Разулов
11. Байбол Эрмеков
12. Султан Боколеев
13. Сардорбек Нематов
14. Эмир Эрнисов
15. Эрбол Атабаев
16. Кайрат Абдирасулов
17. Исхак Ырысбеков
18. Арген Эмилбеков
19. Даниэль Омаров
20. Ырыскелди Маданов
21. Бекназ Алмазбеков
22. Кай Мерк
23. Нажибуллох Алижанов
Мындан сырткары 20-сентябрда ММА, каратэ-до WKF, ушу-саньда боюнча мелдештер орун алат.
19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.
Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44