3-октябрда Азия оюндарында көркөм гимнастика боюнча жекелик беттештер жыйынтыкталды.
Кыргызстандын атынан чыккан спортчу Злата Аркатова мелдешти 105.700 упай менен аяктап, жалпы эсепте атаандаштардын арасынан акыркы 7-орунду ээледи.
Бул программа боюнча Азия оюндарынын чемпиону наамын 112.950 упай топтогон өзбекстандык Тахмина Икромова багындырды.
Күмүш медалды кытайлык Ци Ван (110.050 упай) алса, коло байгени дагы бир кытайлык спортчу Зилу Ван (109.200 упай) жеңип алды.