Азия оюндары: Бекзат Алмаз уулу коло медаль үчүн беттеште жеңилип калды
Новость

Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 57 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн таймаштар аяктады.

Кыргызстандын өкүлү Бекзат Алмаз уулу Кытайдын балбаны Цзоу Ваньхао менен кез келди. Курч беттеште кытайлык спортчу 9:6 эсебинде жеңип алды.

Натыйжада Кыргызстандын балбаны Бекзат Алмаз уулу мелдешти 5-орунда жыйынтыктады.