3-октябрда Азия оюндарында эркектер арасында эркин күрөш боюнча 74 кг чейинки салмак ченинде коло медаль үчүн таймаш өттү.
Кыргызстандын өкүлү Орозобек Токтомамбетов Тажикстандын балбаны Виктор Рассадин менен кез келди.
Соңку секундаларга чейин созулган чыңалуудагы беттеште тажикстандык спортчу 4:3 эсебинде жеңишке жетип, коло медалга ээ болду.
Кыргызстандын балбаны Орозобек Токтомамбетов Азия оюндарын 5-орунда жыйынтыктады.