4-октябрда Япониянын Айчи префектурасы менен Нагоя шаарында өткөн XX Азия оюндарынын жабылуу аземи болуп өттү.
Азия оюндары 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүп, 45өлкөдөн келген 11 миңдей спортчу катышты.
Кыргызстандын курама командасы XX Азия оюндарына спорттун 30 түрү боюнча ат салышып, жалпы 168 спортчу жана 58 машыктыруучу катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө оюндардын расмий туусу кийинки Азия оюндарында өтө турган Катар мамлекетине өткөрүлүп берилди.
XXI Азия оюндары 2030-жылы Доха шаарында өтөт.