XX Азия оюндарынын байге ээлери Кыргызстанга кайтып келишти
Новость

“Манас” аэропортунда XX Азия оюндарында ийгилик жараткан Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү, эркин күрөш, дзюдо жана кураш боюнча курама командаларын салтанаттуу тосуп алуу аземи өттү.

Эске салсак, эркин күрөш боюнча Малик Шаваев (87 кг чейин), кызкелиндер күрөшү боюнча Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) жана Айпери Медет кызы (76 кг чейин), кураш боюнча Кубанычбек Айбек уулу (66 кг чейин) коло медалга ээ болушту.

Спортчуларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери, спортчулардын жакындары, күйөрмандары жана спорттук коомчулуктун өкүлдөрү тосуп алышты.