Япония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Дастан Каныбек уулу коло медалга ээ болду. Ал 60 кг чейинки салмак категориясында күч сынашып, алгачкы беттеште япониялык каршылашы Кожиро Накашиманы 3:0 эсебинде уткан.
Чейрек финалда Ирандык Чаедифар Аминди 3:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алган.
21-сентябрда ал өзбекстандык Фирдавс Атамуратов менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилип, Азия оюндарынын коло медалын тагынды.