"ХХ Азия оюндары": ММА боюнча беттеште Сыймык Жаныбек уулу коло медаль утту
Новость

Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча мелдеште 77 кг салмакта күч сынашкан Сыймык Жаныбек уулу коло медалга ээ болду.
Ал чейрек финалда иорданиялык Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңди. 

Жарым финалда Сыймык бахрейндик Мухаммад Набиевге 0:3 эсебинде утулуп, үчүнчү орунга ээ болду.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44