"ХХ Азия оюндары": Денис Петрашов брасс ыкмасы менен сууда сүзүү боюнча жарышта 4-орунду ээледи
Новость

Японияда өтүп жаткан "ХХ Азия оюндарында" кыргызстандык спортчу Денис Петрашов 100 метрге брасс ыкмасы менен сууда сүзүү боюнча финалдык жарышта 4-орунду ээледи. Ал 59,39 секунд жыйынтык көрсөттү. Ал эми жарыштын жеңүүчүлөрү - кытайлык Чжихао Дон жана япониялык Шин Охаши 58,64 секунддан убакыт көрсөтүп, экөө тең алтын медалга ээ болушту.

59,01 секундду көрсөткөн кытайлык Хайянь Цин коло медаль жеңип алды.

Аннотация 2026-09-21 154353.jpg 100.4 KB
19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44