Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде быйыл Бишкек шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан 20 жаңы мектеп курулду. Алардын бири - Свердлов районундагы №32 мектептин 250 орундуу жаңы окуу имараты.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери 2026-жылдын февраль айында башталган.
Учурда жертөлөсү менен эки кабаттуу жаңы имарат толугу менен тургузулуп, зарыл болгон бардык шарттар каралды.
Жалпы аянты 2 200 чарчы метрди түзгөн имарат башталгыч класстын окуучулары үчүн ылайыкташтырылган. Анда заманбап окуу класстары, компьютердик класс, ийримдер үчүн бөлмөлөр жана ашкана каралган.
Курулуш иштеринин жүрүшү Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү түзүмдөр тарабынан көзөмөлдөнүп, аткарылган иштердин сапаты жана курулуш ченемдеринин талаптарына шайкештиги текшерилип турду.