"ХХ Азия оюндары": Ырыскелди Дүйшеев коло медалдын ээси болду
Новость

Япония өлкөсүндө өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча Ырыскелди Дүйшеев коло медаль жеңди.

Ал беттештерди чейрек финалдан баштап, Палестиналык Сами Аккавени 3:0 эсебинде уткан.

21-сентябрда жарым финалдык беттеште Тажикстандын өкүлү Бехруз Хуршедшоданы жеңген. Бирок беттеш аяктагандан кийин Тажикстан тарап апелляция берген.

Кайра түзүлгөн комиссиянын чечимине ылайык, жеңиш Тажикстандын спортсменине ыйгарылып, Кыргызстандын өкүлү үчүнчү орунду ээледи.

19-сентябрдан 4-октябрга чейин "XX жайкы Азия оюндары" Япониянын Нагоя шаарында өтөт. Азия спортунун эң маанилүү окуяларын, кыргызстандык спортчулардын беттештерин, жеңиштерин жана мелдештин кызыктуу көз ирмемдерин УТРК СПОРТ каналынын түз эфиринен жана бардык маалыматтык аянтчаларынан көрө аласыздар.

Кызматташуу үчүн: 0554 45 54 44