Президент Садыр Жапаров “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-сентябрда, Америка Кошмо Штаттарына болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында “Ситибанк” банкынын башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту.

Маалымат үчүн: “Ситибанк” корпоративдик кардарларга, финансылык уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган алдыңкы эл аралык финансылык институттардын бири. Банк 180ден ашуун өлкөдө жана юрисдикцияда өкүлчүлүгү бар Citigroup финансылык тобунун курамына кирет.

Жолугушуунун алкагында финансылык жана банктык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечеги, анын ичинде эл аралык эсептешүүлөр, инвестициялык өз ара аракеттенүү жана кыргыз банктарына эл аралык финансылык инфраструктуранын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле Кыргызстандын банк секторунун эл аралык капитал рынокторуна чыгышында кыргыз банктарынын “Ситибанк” менен кызматташуу тажрыйбасы белгиленди. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында мамлекеттик “Элдик Банк” Citigroup компаниясынын келишимдин негизги уюштуруучуларынын жана букраннерлеринин бири катары катышуусунда 500 млн АКШ доллары өлчөмүндө алгачкы еврооблигацияларын жайгаштырган.

Тараптар Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен “Ситибанк” ортосунда жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле республикада америкалык банктын филиалын ачуу келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров маектештерине Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун, “Камбар-Ата-1” ГЭСин, “Асман” экошаарын жана “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин куруу сыяктуу масштабдуу долбоорлор тууралуу айтып берип, азыркы учурда “Ситибанк”менен практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү абдан пайдалуу болорун айтты.

“Ситибанк” өкүлдөрү буга чейин Кыргызстан менен ийгиликтүү кызматташып келгенин ырастап, жакынкы келечекте Кыргызстандын мамлекеттик банктары менен корреспонденттик мамилелерди түзүүгө кызыкдарлыгын жана банктын өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу ниеттенерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюу аземи болуп өттү:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
”Элдик Банк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
“АБанк” ААК менен “Ситибанк” ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.