Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушундагы №86 мектепке 650 орундуу жаңы окуу корпусунун курулушу аяктады.
Мектептин курулушу 2026-жылдын март айында башталган. Долбоорго ылайык, жаңы корпус үч блоктон туруп, жалпы аянты 1217 чарчы метрди түзөт.
Имаратта окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек кабинеттер жана спорт залы каралган.
Курулуш иштеринин сапаты жана техникалык талаптардын сакталышы Курулуш министрлигинин алдындагы тиешелүү түзүмдөр тарабынан көзөмөлдөндү.