Баткенде органикалык айыл чарбасы боюнча конференция өттү
Новость

Баткен шаарында "Органикалык айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсү: илим, инновация жана практика" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев, Баткен шаарынын мэри Сейтек Кулубаев, райондук жана шаардык жетекчилер, айыл чарба тармагынын өкүлдөрү катышты.

Конференцияда органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, экологиялык таза продукция өндүрүү, биологиялык коргоо каражаттарын колдонуу жана илим менен практиканын байланышын күчөтүү маселелери талкууланды.

Баткен облусунда органикалык өндүрүштү кеңейтүү, пилоттук чарбалардын санын көбөйтүү жана органикалык жер аянттарын кеңейтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.