Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Ханчжоу шаарына жумушчу сапар менен барат.
Сапардын алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Цян, ошондой эле бир катар компаниялардын жана уюмдардын жетекчилери менен жолугушат.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин башчысы 5-Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнө барат.